Беларуста 100дөн ашуун саясий туткун абактан чыкты
13-декабрда Беларуста саясий туткун, 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Мария Колесникова, укук коргоочу, Нобелдин 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий, президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан оппозиционер саясатчы Виктор Бабарико эркиндикке чыкты. Үчөө тең 2021-2023-жылдары 10-14 жылга кесилген. "Весна" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, мунапыс алгандардын катарында адвокат Максим Знак, TUT.BY порталынын башкы редактору Марина Золотова, укук коргоочу Валентин Стефанович жана саясат талдоочу Александр Федута да бар. Лукашенконун басма сөз кызматынын"Пул Первого" Телеграм каналы бул жолу ал "тыңчылык, террордук жана экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн" соттолгон жалпысынан 123 кишиге мунапыс бергенин кабарлады.
Шерине