Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:43

АКШда университеттеги ок атууда кеминде эки студент каза тапты


Браун университетинин жанында турган полициянын машинеси
Браун университетинин жанында турган полициянын машинеси

АКШнын Род-Айленд штатынын Провиденс шаарындагы Браун университетинде 13-декабрдагы ок атуудан кеминде эки адам каза болуп, сегизи оор жаракат алды.

Жергиликтүү бийлик дагы бир адам жеңил жаракат алганын кабарлады. Кылмышка шектүү изделип жатат.

CNN каналы шектүү тууралуу маалымат дээрлик жок экенин билдирди. Университеттин кызматкерлери каза тапкандар жана жараат алгандардын баары студенттер экенин айтып беришкен.

Браун - Кошмо Штаттардагы абройлуу менчик университет, өлкөдө түптөлгөн алгачкы жогорку окуу жайлардын бири.

Маалыматтарга караганда, ок атуу инженердик жана физика факультетинин биринчи кабатындагы аудиторияда болгон. Бул күнү аудиторияда сынак болмок. Студенттердин бири WJAR телеканалына ок атуудан кийин эки саат бою үстөлдүн астына жашынып отурганын билдирген.

Президент Дональд Трамп окуя тууралуу кабардар экенин айтып, жаракат алгандардын жакшы болуп кетишин тилөөгө чакырды.

Шектүү кармала электигин Провиденс шаарынын мэри Бретт Смайли билдирип, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Полиция шектүү 30 жаштарда болушу мүмкүндүгүн, кара кийимчен экенин, анын имараттан чыгып баратканы камерага түшүп калганын билдирүүдө.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG