13-декабрдын кечинде Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндөгү кафелердин биринде катталган жаңжалга байланыштуу үч адам кармалды. Бул тууралуу 14-декабрда Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Ички иштер органы кабарлагандай, түнкү саат 2:10 чамасында тамактануучу жайда отурган аялдар тополоң чыгарып жатканы жөнүндө кабар келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда алар ызы-чуу салып, укук коргоо органдарына да кол көтөрүүгө аракет кылышкан.
Факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө маалыматтар журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 30, 31 жана 20 жаштагы үч аял кармалды. Алар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (ErN)