Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев кызматынан бошотулду

Таалай Базарбаев.

Таалай Базарбаев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-декабрда кол койду.

Базарбаев элчилик кызмат менен чогуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошоду.

Италияда Кыргызстандын элчилиги 2021-жылы ноябрда расмий ачылган.

Алгачкы элчи болуп буга чейин өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде иштеген Таалай Базарбаев дайындалган. (КЕ)

Дагы караңыз

Reuters: Орусиянын мунай жана газ кирешеси 2020-жылдагыдан дагы төмөндөйтИрактын мурдагы президенти Салих БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары болуп дайындалдыЕвропа биримдиги Орусиянын активдерин белгисиз убакка тоңдурдуБишкек административдик соту Абакировдун арызын канааттандырган жок